Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Сүрөтчү Татьяна Зеленская эл аралык сыйлыкка ээ болду


Татьяна Зеленская кыздардын укугун коргоого арналган Бишкектеги иш-чарада өзүнүн иллюстрациясын кармап турат. 8-апрель, 2021-жыл.
Татьяна Зеленская кыздардын укугун коргоого арналган Бишкектеги иш-чарада өзүнүн иллюстрациясын кармап турат. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.

Ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасында билдиргендей, бул сыйлык жыл сайын журналистика, искусство тармагында өзүн көрсөткөн адамдарга берилет. Быйыл искусство боюнча сыйлык Татьяна Зеленскаяга ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өттү. Пандемияга байланыштуу Татьяна Зеленская сыйлоо аземине онлайн катышты.

Татьяна Зеленская 2020-жылы "Интерньюс" уюмунун "Умтулуу" сыйлыгына да ээ болгон. Зеленская адам укугу жаатындагы иллюстрациялык эмгектерди жаратып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG