Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Орусияда эки күндө 31,5% шайлоочу добуш берди


Грозный шаары, Чеченстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Грозный шаары, Чеченстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкандар 31,5% болду. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул маалыматтар электрондук добуш берүүлөрдү камтыбайт.

Орусиянын аймактарында добуш берүүнүн активдүүлүгү жагынан Чеченстан алдыга чыкты. Эки күндө республикадагы шайлоочулардын 73,5% добуш берди. Ал эми Хакасияда 17% шайлоочу катышты.

Москвада 30%, Сантк-Петербургда 16% айланасында шайлоочу добуш берди.

Үч күндүк шайлоо 17-сентябрда башталган. Мамлекеттик дума добуш берүү мөөнөтүн узартууну пандемияга байланыштырган.

Журналисттер "Бирдиктүү Орусия" партиясынын рейтинги төмөндөп жаткан учурда Кремль аны жеңишке жеткирүү үчүн бар мүмкүнчүлүгүн жумшап жатканын белгилешүүдө. Буга негизги мисал катары добуш берүү башталган күнү дүйнөлүк интернет гиганттар Google менен Apple орус бийлигинин кысымына жол берип, оппозициячыл Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан "Акылдуу добуш берүү" тиркемесин интернет-дүкөндөрүнөн өчүргөнү айтылууда. Кийинки күнү Telegram да бул ботту өчүрдү. Ал эми Youtube тиешелүү видеону жаап койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG