Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:29

Футбол: Кыргызстандын кубогуна “Нефтчи” клубу ээ болду


"Нефтчи" клубунун оюнчулары. 18-сентябрь, 2021-ж. Баткен шаары.
"Нефтчи" клубунун оюнчулары. 18-сентябрь, 2021-ж. Баткен шаары.

Кыргызстандын футбол боюнча 2021-жылдагы кубогуна Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ээ болду.

Кыргыз футбол бирлиги билдиргендей, бүгүн, 18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөн финалдык беттеште кочкораталык команда Бишкектин “Алга” клубу менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальти тебүүдө “Нефтчи” клубу алдыга чыкты (4:2).

Ушуну менен "Нефтчи" клубу Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Быйылкы башкы олжо үчүн премьер-лигада, улуттук лигада жана экинчи лигада ойногон 16 команда ат салышты. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG