Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Кытай: АКШнын аракети Тайван кысыгында коркунуч жаратууда


Barry ракеталык эсминеци Tomahawk круиздик ракетасын учуруп жатат. Жер ортолук деңизи. 29-март, 2011. Иллюстрациялык сүрөт.
Barry ракеталык эсминеци Tomahawk круиздик ракетасын учуруп жатат. Жер ортолук деңизи. 29-март, 2011. Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык Barry ("Бэрри") ракеталык эсминецинин Тайван кысыгы аркылуу өтүшү аймактагы коопсуздукка шек келтирерин Кытайдын аскеринин чыгыштагы өкүлү Ши И 18-сентябрда билдирди.

WeChat ("Вичат") социалдык тармагына жарыяланган билдирүүдө аскерлер Кытайдын бүтүндүгүн, эгемендигин, коопсуздугун жана аймактагы тынчтыкты коргоо үчүн күжүрмөн даярдыкта турганы жазылган.

"Аскер кемесинин Тайван кысыгында пайда болушу - АКШнын аймактын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, туруксуздаштыруучу факторунун бир далили", - деп белгилеген Ши И.

Расмий Бээжин аймакта АКШнын аскер кемелери пайда болушуна нааразы экенин, муну чагым катары кабыл алары жазылган.

17-сентябрда АКШнын ракета ташыган Barry кемеси Тайван кысыгы аркылуу өткөнү маалымдалган.

АКШ Куралдуу күчтөрү бул билдирүүгө жооп кайтара элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG