Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Лондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектеди


Кумтөр
Кумтөр

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун жарыялады.

"17-сентябрдан тартып, "Кыргызалтын" акционердик коому товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарбаганы үчүн тизмеден өчүрүлдү. Бул күндөн тартып заводдун бардык товары ишенимдүү деп саналбайт", - деп жазылган Лондон ассоциациясы тараткан билдирүүдө.

Мындай билдирүү аталган ассоциациянын расмий сайтына жарыяланганын Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шектенүүдөн" улам текшерүү баштаган. Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

Ассоциация мындан башка кеңири маалымат берген жок.

Быйыл августта World Street Journal басылмасы кыргыз өкмөтү Кумтөргө сырткы башкаруу киргизген соң шектүү операциялар болгону байкалганын, ошонун негизинде текшерилип жатканын жазып чыккан.

Бул аккредитациянын токтотулушу "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген.

Кыргызстан быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

“Центерра” июнь айында LBMA уюмунун текшерүү баштаганын кубаттаган.

"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев азырынча маселе толук чечиле электигин айтты. "Ал жерде өздөрүнүн талаптары бар, убакыт бар. Мен азырынча эч нерсе деп жооп бере албайм" - деди Кыдыралиев.

Кыргызстан былтыр 7 айда 11,7 тонна, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 4,1 тонна алтын экспорттоду. Башкача айтканда, былтыр 7 айда 623 млн. долларга, быйыл 235 млн. долларга алтын сатылган.

Тышкы башкаруу киргенден кийин, өкмөт дайындаган "Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, эми алтын сыртка чыгарылбай, ишкана өндүргөн продукцияны толугу менен Улуттук банк гана сатып алып турарын айткан. Бирок бүгүнкү күндө Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Кыргызстан Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизүү менен катар эле мурдагы келишимдердин мыйзамдуулугу, Кумтөр долбоорунун аткарылышы боюнча буга чейинки иштерди текшерүүнү баштаган.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-сентябрдагы акыркы маалыматында "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча жүрүп жаткан тергөөдө канадалык "Центерра" компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана "Кумтөр" кенин иштеткен "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталганын маалымдады. Алар 2013-жылдын декабрында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган.

Бул фактылар боюнча "Центерранын" мурдагы жетекчиси Ян Аткинсон, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти Майкл Фишер, башкармалык кеңешинин төрагасы Андрей Сазанов, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Кумтөр - Кыргызстандагы ИДӨнүн 10%, өнөр жайдын көлөмүнүн 20% жапкан ири алтын кени. Кыргыз өкмөтү быйыл май айында кенди башкаруу укугун чектеп койгон канадалык "Центерра Голд" компаниясында Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG