Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

COVID-19: Италияда кызматкерлерден саламаттык тууралуу документ талап кылынат


Италиядагы эмдөө
Италиядагы эмдөө

Италия мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлерге жумушка келгенде коронавируска байланыштуу ден соолугунун абалы жөнүндө документти милдеттүү түрдө көрсөтүүнү милдеттендирди.

Кызматкер андан баш тартса, акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөтүлөт. Италия мындай катаал эрежелерди киргизген Европадагы алгачкы өлкө. 15-октябрда күчүнө кирген токтомго ылайык, жарандар жумушка келгенде коронавируска каршы эмделгени тууралуу документ, оорубаганын далилдеген тесттин жыйынтыгы же ооруп бүткөнү тууралуу справканы көрсөтүшү керек. Италиянын мамлекеттик башкаруу министри Ренато Брунетта жаңы эрежелер 23 миллиондон ашык адамдын күзгө чейин эмдөөдөн өтүшүн шарттайт деген ишенимин билдирди. Өлкө калкынын 68% жакыны коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын сайдырган.

Италия буга чейин коомдук жайларга барыш үчүн эмдөө паспортун талап кылган эрежени да киргизген.

Ушундай чараны Румыния киргизерин жарыялады. Дүйнөдө калкынын саны боюнча биринчи орунда турган Кытайдын бийлиги 1 миллиарддан ашык киши толугу менен эмделгенин жарыялады. Бул сан 1,4 миллиард калктын 72% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG