Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Орусия чет жактагы жарым миллиондой жаранын кайтарууга аракеттенет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин чиновниктери чет жактарда жашап жаткан жарым миллиондой орусиялыкты мекенине кайтууга көндүрүүгө тийиш. Өкмөт ушундай токтом кабыл алганын Finanz басылмасы маалымдады. Сөз болгон мекемелердин кызматкерлери эмигранттардын ыктыярдуу кайтуусун камсыздаган Мамлекеттик программа тууралуу айтып берип турушмакчы. Программа 2022-2030-жылдарга мерчемделген.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2017-жылы Орусиянын сыртында 10,6 миллион жаран жашачу. Бул – өлкө калкынын 7,4% барабар. Орусия эмигранттардын саны жагынан дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Орусиялыктардын 40% башка жерге көчүүгө өз өлкөсүндөгү туруксуз экономикалык абал, чет жактагы жакшырак жашоо шарттары түртүп жатканын айтышкан.

Ар сегизинчиси орусиялык бийликтин жана аткаминерлердин өз билемдиги үчүн мекенден кетүү тууралуу ойлонгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG