Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бирдиктүү билдирүү кабыл алды


Дүйшөмбүдөгү ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын бирдиктүү кеңеши. 15-сентябрь, 2021-жыл.
Дүйшөмбүдөгү ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын бирдиктүү кеңеши. 15-сентябрь, 2021-жыл.

15-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын бирдиктүү кеңеши өттү. Жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Станиславь Зась катышты.

Кеңештин жыйынтыгы менен бирдиктүү беш билдирүү кабыл алынды. Беш билдирүүнүн бири - Ооганстандагы абал боюнча.

Ал билдирүүдө Ооганстандагы бардык этоностук конфессиялык топторду куралдуу тирешүүдөн баш тартып, кырдаалды турукташтырууга, жарандардын өмүрүн сактоого, тынчтыкты калыбына келтирүүгө, экономикалык өнүгүүгө чакырык жасалган. Ошондой эле Ооганстандагы терроризмди, баңгизат менен байланышкан кылмыштуулуктун бардык түрүн жок кылуу керектиги айтылган.

ЖККУнун башкы катчысы Станиславь Засьтын айтымында, уюмга мүчө мамлекеттердин чек араларынын дээрлик бардык жагында абал оор бойдон калууда.

“Өзгөчө тажик-ооган чек арасындагы абал жакшы эмес, бирок Тажикстандын чек арачылары жана укук коргоо органдары чек араны толук көзөмөлдөп турат. Абал курчуп кетсе ЖККУга мүчө өлкөлөр Тажикстанга бардык зарыл болгон аскердик-техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр”, - деп билдирген ЖККУнун башкы катчысы Станиславь Зась.

Бүгүн, 16-сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУнун президенттеринин саммити өтүп жатат. 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку кырдаал. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG