Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Президент Жапаров ЖККУ жана ШКУ саммиттерине катышуу үчүн Дүйшөмбүгө барды


Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында. 2021-жылдын 15-сентябры.
Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында. 2021-жылдын 15-сентябры.

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрдын кечинде иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Шаардын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын расмий делегациясын тажик өкмөтүнүн башчысы Кохир Расулзода тосуп алды.

Бүгүн 16-сентябрда Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттеринин саммиттери өтөт.

Президенттер эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку абал.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG