Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

"Маданият ишмерлеринин каты" боюнча Исаев жана Абдраимов да сурак беришти


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча 15-сентябрда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов да болушту.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Ага үндөш маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, мурдагы депутаты Исмаил Исаков да ИИМде ушул маселеге байланыштуу суракта болушту.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жөнөтүлөрүн билдирди.

Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова “Азаттыктын” эфиринде сүйлөп жатып бийликке нааразылыгын билдиргендерди, митинг уюштурууга чакыргандарды токтотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кат жөнөткөнү анык экенин, бирок анда 100 миң киши тууралуу жазбаганын, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун билдирди. (TSh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG