Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Ош - Бишкек жолундагы кырсыктан үч киши каза болду


Куткаруучу Ош - Бишкек жолундагы кырсыкка кабылгандарды чыгарууда.
Куткаруучу Ош - Бишкек жолундагы кырсыкка кабылгандарды чыгарууда.

Жол кырсыгы 15-сентябрда эртең менен Бишкек - Ош унаа жолунда, Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, DAF күйүүчү май ташуучу унаа менен "Жигули ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы кишилер окуя болгон жерде каза болгон.

Куткаруучулар жеңил унаада кыпчылып калган үч жаранды чыгарып, Токтогул райондук оорукананын өлүкканасына өткөрүп беришти. Каза болгондордун тек-жайы такталууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жаракат алды. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болгон.

2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG