Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Депутат Акаев: мен жөнүндө карандай калпка эч ким ишенбейт


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атады. Акаев “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деди.

“Курсан Асанов менен бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби сүйлөшүп, анын ичинен Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, анан элди ишендирип, ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Экинчиден күлкүлүү, көчөдө бир саясатчылар сүйлөшүп анан айып тагабыз деген аракетке сапатсыз видеого, карандай калпка 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен дароо айтып койсом, эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен дагы бийликти күч менен басып алабыз, анан массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмеспиз. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз”, - деди Акаев.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанарбек Акаевдин аты аталган.

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып, кармалган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөттү.

Асановдун үйүн тинтүү жөнүндөгү документ 14-сентябрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги Жазык кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) менен катталган. ИИМдин Тергөө кызматына бийликти күч менен басып алуу жөнүндө материал түшкөнү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.

14-сентябрда ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыпталып, кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматы Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын маалымдаган.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Асанов ИИМге суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылып, сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалганын “Азаттыкка” билдирди:

"Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту".

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.

Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG