Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Британия коомдук жайларда эмдөө паспортун талап кылбайт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Британиянын бийлиги түнкү клубдар жана башка коомдук жайларга кириш үчүн коронавируска каршы эмделгени жөнүндө паспорт талап кылбайт. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид британ өкмөтү азырынча мындай чектөөнү киргизбей турууну чечкенин, бирок коронавирус жуктургандардын саны көбөйсө аны кайрадан карап чыгарын билдирди. Ушу тапта Европадагы Франция, Италия сыяктуу өлкөлөрдө эл көп жайларга кириш үчүн ушундай паспорт талап кылынат.

Түштүк Африканын бийлиги эмдөө паспортун киргизүү планын жарыялады. Өлкөнүн президенти Сирил Рафафоса элди жапырт эмдөө менен гана экономиканы калыбына келтирип, инфекциянын төртүнчү толкунун алдын алууга болорун билдирди.

Өкмөт эки аптадан кийин “эмдөө паспорту” боюнча кеңири маалымат бере турган болууда. Вирустан улам Косово окуу жылынын мөөнөтүн кийинкиге жылдырды. Бул өлкөдө оору жуктургандардын саны акыркы мезгилде көбөйүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG