Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Баткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алды


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт. Лейлек району, 12-сентябрь, 2021-жыл.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт. Лейлек району, 12-сентябрь, 2021-жыл.

Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышып, эки эркек киши каза болуп, жети адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда акыркы сегиз айда 497 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши көз жумат дегенди билдирет.

Кырсыктан каза болгондордун басымдуусу беш жаштан 29 жашка чейинкилер, жараат алгандардын көпчүлүгү дагы ал-күчкө толуп турган адамдар. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG