Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Пакистан Ооганстандан адамдарды эвакуациялоону улантат


Кабул аэропортунан учуп чыккан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021-жыл.
Кабул аэропортунан учуп чыккан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021-жыл.

Пакистандагы эл аралык аба компаниясынын өкүлү кийинки жумадан тарта Кабулдан адамдарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар жанданарын билдирди. Өкүл Абдулла Хафиз Хан "Франс пресс" агенттигине авиакомпания учууга уруксат алганын маалымдады. Анын айтуусунда алгачкы чартердик каттам 13-сентябрда Исламабаддан учуп, кайра артка кайтат.

Кабулга коммерциялык каттамдар качан жанданары белгисиз.

Өкүлдүн айтуусунда чартердик каттамдар айрым чет өлкөлүк агенттиктер жана элчиликтердин, анын ичинде БУУ, Дүйнөлүк банк, Евробиримдиктин өтүнүчү менен жанданууда.

9-сентябрда "Катар аба жолдорунун" учагы Ооганстандын башкалаасы Кабулдун аэропортунан 200гө чукул адамды алып чыкты. Алардын арасында АКШнын жарандары да бар.

30-августта Кошмо Штаттар башында турган эвакуация аракеттери аяктагандан бери Кабулда учак каттамдары калыбына келе элек.

14-августтан 31-августка чейин АКШ башка союздаштары менен 122 миңден ашуун кишини ооган жергесинен эвакуациялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG