Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Бишкекте кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин бизнес-форуму өттү


Кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес-форуму. Бишкек. 10-сентябрь, 2021-жыл.
Кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес-форуму. Бишкек. 10-сентябрь, 2021-жыл.

Бизнес-форум Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесинин алкагында өттү. 10-сентябрда өткөн жолугушууга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандан Түркиянын ишкерлери энергетика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Марипов Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн Кыргызстан болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирип, түркиялык инвесторлорду өлкөнүн оор жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Түркиянын вице-президенти Октай түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр экенин айтып, кыргыз-түрк бизнес-форуму биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы кабарлагандай, бизнес-форумга Кыргызстандан 250гө чамалуу, Түркиядан 90дон ашуун компания катышты. 9-10-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга расмий сапар менен барган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG