Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Москва менен Минск жалпы энергетикалык базар түзөт


Александр Лукашенко менен Владимир Путин Кремлде, 9-сентябрь, 2021-жыл.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин Кремлде, 9-сентябрь, 2021-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газынын жалпы базарын түзүүнү Александр Лукашенко менен макулдашканын, Москва Минскиге жүз миллиондогон доллар кошумча каражат берерин айтты. Путин Лукашенкону мактап, Беларуста бир нече айлап созулган саясий олку-солку кырдаал "жөндөлгөнүн" белгиледи.

Бейшембиде эки лидер Москвада үч сааттан ашуун жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алар эки өлкөнүн экономикасын жана саясий түзүмүн бириктирчү "союздук мамлекет" түзүү тууралуу 20 жылдан берки сүйлөшүү ишке ашабы деген суроону кыйгап кетишти. Путин белгилегендей, бул жолу "жалпы макроэкономикалык саясатты" жүргүзүү макулдашылды. Орусия менен Беларус ортосундагы аба каттамдарына чектөө алынарын, беларустарга берилчү көгүлтүр отундун баасы азыркыдай кармаларын айтты.

Лукашенко Путиндин меймандостугун мактап, Москва менен сүйлөшүүлөрдө "секирик" болуп, 28 "жол картасы", анын ичинде мунай жана энергетикалык базарларды бириктирип, салык саясатын гармонизациялоо макулдашылганын айтты. Ал жалпы документ октябрдын аягында кабыл алынса, "көп тармактарда секирик" болот деп сыпаттады. Көпчүлүк маселелер жума күнү Минскиде өтө турган эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусунан кийин белгилүү болору айтылды.

Москва менен Минск "союздук мамлекет" жөнүндө келишимге 1999-жылы кол коюшкан. Беларус Советтер Союзу ыдырагандан бери мамлекеттин чеңгелинде турган экономикасын кармап туруу үчүн орустун арзан мунайы менен субсидияларына муктаж.

Беларус Кыргызстан сыяктуу ЕАЭБден сырткары Орусиянын таасири күч дагы бир аймактык бирикменин - Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун да курамында.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG