Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:16

ИИМ Нарматованы Бишкекке жеткирүү боюнча тапшырма бергени маалым болду


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын иши боюнча маалымат берди.

“Орозайым Нарматованы Бишкекке суракка жеткирүү тууралуу тергөө тапшырмасы келген. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында суракка алуу, адамды жеткирүү боюнча тапшырма берилет. Биз аны аткарганга милдеттүүбүз. Ошондуктан биз Орозайым Нарматованы аэропорттон алып Бишкекке жөнөткөнбүз. Иш козголсо эле камап салат деп ойлобош керек”.

Орозайым Нарматованын тарапташтары 10-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Алар активистти бошотууну талап кылып, анын кармалышын саясий куугунтук деп баалашты.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын билдирди.

Орозайым Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Айрым саясатчылар активисттин кармалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG