Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Марипов Түркияга инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады


Фуат Октай жана Улукбек Марипов. 10-сентябрь, 2021-жыл.
Фуат Октай жана Улукбек Марипов. 10-сентябрь, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн аракет кылуу керектигин билдирди.

Бул тууралуу ал 10-сентябрда Кыргызстанда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушууда айтканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз”, – деди Марипов.

Фуат Октай эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү колдоп, Түркия Кыргызстанга инвестиция тартууга даяр экенин кошумчалады.

Жолугушууда Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу маселеси да каралды.

Октай 10-сентябрда Бишкекте өтө турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышат. Ушул күндөрү баш калаада кыргыз-түрк бизнес-форуму да өтөт.

Сапар алкагында бир катар документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG