Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

COVID-19: Молдовада кайрадан чектөөлөр киргизилди


Кишинёвдогу мобилдик вакцинация борбору катары колдонулган троллейбус. 6-сентябрь, 2021-жыл.
Кишинёвдогу мобилдик вакцинация борбору катары колдонулган троллейбус. 6-сентябрь, 2021-жыл.

Молдованын бийлиги COVID-19га чалдыккандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы карантин чараларын кабыл алды. 10-сентябрда күчүнө кире турган жаңы эрежеге ылайык, коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар кафе-ресторандарга жана маданий иш-чараларга киргизилбейт. Мындай чектөө 31-октябрга чейин уланат.

Ушул тапта Молдовада жарандар коомдук жайларда беткап кийип жүрүшү керек. Ошондой эле ресторандар түнкү саат 11ге чейин жабылышы кажет.

2,6 миллиондой калкы бар Молдовада пандемия башталгандан бери 272 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алса, алардын 6,5 миңдейи көз жумду.

Өлкөдө вакцинация жараяны да жай жүрүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, Молдованын калкынын 25 пайызы гана толук эмдөөдөн өттү.

Бир күн мурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өнүккөн өлкөлөрдү өз жарандарын үчүнчү жолу эмдөөдөн өткөрүү аракетин токтото турууга, анын ордуна жакыр өлкөлөргө жардамдашууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG