Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

COVID-19: Түркмөн тышкы иштер министри ооруканага түштү


Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов коронавируска чалдыгып, ооруканага жатканы тууралуу маалымат ырасталды. Бүгүнкү күнгө чейин Ашхабад өлкөдө COVID-19 жуккан бейтап катталганын расмий айткан эмес.

“Азаттыктын” түркмөн кызматына эки башка ишенимдүү булак 61 жаштагы министр 20-августтан бери коомчулукка көрүнбөй калганын жана Ахал аймагындагы Ызгант айылындагы жаңы курулган ооруканада дарыланып жатканын айтып берген.

Медиа каражаттары Мередовдун ден соолугуна байланыштуу президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун Өзбекстанга пландалган сапарын вице-премьер-министр Есенмурад Оразгелдиев даярдап жатканын жазышты.

Былтыр март айында пандемия башталганы түркмөн бийлиги өлкөдө ооруканалар бейтаптарга толуп, окуу жайларда окуу токтогонуна карабай COVID-19 бар экенин моюнуна албайт.

Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны быйыл июнда өсө баштаган. Ошондон бери башкалаа Ашхабад, Лебап жана Мары шаарларында бир катар ооруканалар, атүгүл бүтүндөй айыл-кыштактар, аймактар карантинге жабылган. Мындан улам түркмөн бийлиги кайрадан чектөөлөрдү да жана калкка милдеттүү түрдө эмдөөнү киргизди.

Түркмөнстан жыл башында Орусиянын эки вакцинасын каттап, сынай баштаган. Кийин Кытайдан Sinopharm вакцинасын да алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG