Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Австрия, Чехия, Словакия ооган качкындарын көп кабыл алууга макул эмес


Пакистандагы оогандык качкындар баш калкалаган лагерь.  6-сентябрь, 2021-жыл.
Пакистандагы оогандык качкындар баш калкалаган лагерь.  6-сентябрь, 2021-жыл.

Австриянын, Чехиянын, Словакиянын премьер-министрлери Европа Биримдигине келчү ооган качкындарынын санын көбөйтүүгө каршы бир позицияда экенин билдиришти.

7-сентбярда чех премьери Андрей Бабиш Европа Биримдигинде ооганстандык качкындарга орун жоктугун, андыктан алар өз мекенинде же коңшу өлкөлөрдө калышы керектигин айтты. Анын алдында эле Бабиш Леднице шаарында австриялык жана словакиялык кызматташтары менен жолуккан.

Бул үч өлкөгө Польша, Венгрия кошулуп, миграцияга каршы катаал позицияда болуп, бул шаркеттин ичинде терең карама-каршылыкты жараткан.

Ооганстанда “Талибан” бийликти басып алгандан кийин Европа 2015-жылкыдай миграциялык кризиске дуушар болобу деген кооптонуу пайда болгон. Алты жыл мурун Жакынкы Чыгыштагы согуштан качкан бир миллиондон ашуун киши шаркеттин аймагына кирген. Талибдер Кабулдагы бийликти кулаткандан бери Евробиримдик миңдеген ооган качкынды кабыл алды.

Австриянын канцлери Себастьян Курц Вена Ооганстан менен коңшу өлкөлөрдө качкындарды кармап турууга көмөктөшүү үчүн 21,3 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты.

«Биз алардын кыйналганын жеңилдетүүгө аракеттенебиз. Бирок 2015-жылкы көрүнүш кайталанбайт. Биз мыйзамсыз миграцияга жана адам сатууга каршы күрөшөбүз», - деди Курц.

Курц буга чейин Австрия оогандык качкындарды кабыл албай турганын айтып, алардын жаңы шартта “интеграцияланышы өтө оор” деп сыпаттаган.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Августтун этегинде Вашингтон америкалык аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG