Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Балдарга зомбулуктан коргонууну үйрөткөн колдонмо иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы укук коргоочулар балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керектигин үйрөткөн колдонмо иштеп чыгышты. Бул тууралуу "Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна кабарлады. Колдонмо эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен иштелип чыккан.

"Автобустарда тестиер кыздарга, балдарга тийишкен учурлар көп катталууда. Колдонмодо балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керек экенин үйрөткөн кеңештер камтылат. Биз билбейбиз да, балким балдарга ыдык көрсөткөн адам ВИЧ же башка ооруларды алып жүрөт. Андыктан балдарга өзүн коргоону үйрөтүү учур талабы", - деди Турдубекова.

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда. 5-сентябрда Талас шаарынын 4 тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштап, шектүү эки айга тергөө абагына камалды.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурдагы жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Жазык кодексинин 165-беренесине ылайык, он алты жашка жете элек балага карата сексуалдык байланышсыз ыплас аракеттер жасалса, шектүү 5 - 7,5 жылга эркиндигинен ажыратылат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG