Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Абактагы Жеңиш Молдокматовго дагы үч кылмыш иши ачылды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Камактагы оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы үч кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" билдирди.

Молдокматовго буга чейин 5-6-октябрь күндөрү "башаламандык уюштурган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийин ага 9-октябрдагы тополоң боюнча дагы бир кылмыш иши кошулган.

Бул иштер боюнча тергөө бүтүп, анын жыйынтыгында "Курал-жаракты тартып алуу же уурдоо", "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо", "Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу" жана "Башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш ишине шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Жеңиш Молдокматов жаңы ачылган кылмыш иштери тууралуу билдирмеге кол коюдан, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев тергөө октябрь окуясындагы бардык иштерди Жеңиш Молдокматовду күнөөлүү кылып чыгарганын билдирди.

"Мен өмүрүмдө мындай мыйзамсыздыкты көргөн эмесмин. Таң калып, оозум ачылып отурат. Тергөөнүн айтуусунда октябрь окуялары учурунда жоголгон курал-жарактан баштап бардык кылмышты Молдокматов кылыптыр", - деди Турдалиев.

Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 19-августта №47 колонияга, кийин операция жасатуу үчүн менчик клиникага которулган.

Ал 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын тарапташтарынын өтүнүчү менен токтоткон.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна президент Садыр Жапаров саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG