Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишим бекитилди


Венгриянын борбору - Будапешт.
Венгриянын борбору - Будапешт.

Президент Садыр Жапаров "Венгрия-Кыргыз" өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Макулдашуу ушул жылдын 8-апрелинде түзүлгөн.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылы 29-сентябрда Венгрияга жасаган сапары учурунда ал өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга насыя түрүндө 50 миллион доллар бөлүнөрүн айткан.

Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы венгер өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG