Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Бир катар саясий партиялардын тилектештик курултайы өттү


(Солдон оңго) Нуржигит Кадырбеков, Клара Сооронкулова, Өмүрбек Текебаев, Мелис Мырзакматов.
(Солдон оңго) Нуржигит Кадырбеков, Клара Сооронкулова, Өмүрбек Текебаев, Мелис Мырзакматов.

Бүгүн, 7-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Реформа” партиясынын демилгеси менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата саясий партиялардын “Эркиндик-Эгемендик” аттуу тилектештик курултайы өттү.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова жыйынга "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, "Ыйман нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков баштаган бир катар партиялардын өкүлдөрү катышканын билдирди.

Курултайда саясий партияларды биримдикке чакырган атайын резолюция кабыл алынган.

Буга чейин "Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын жарыялашкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG