Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Артыкбаев: Пакистандык туристтерден 1 млн доллардан ашуун пайда түштү


Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын жарандары ар бир электрондук визага 51 доллардан төлөштү. Мындан тышкары Пакистандын үч шаарынан - Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстандын консулдук кызматы 1-январдан 1-сентябрга чейин Пакистандын 9917 жаранына виза берген.

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 65 чартердик каттамды тейлегени үчүн 200 миң доллардан ашуун каражат тапты. Ал эми "Манас" аэропортуна учактардын учуп-конуусунан 550 миң доллардан ашык пайда түшкөн", - деди Артыкбаев.


УКМКнын Чек ара кызматы берген маалыматка караганда, 1-5-сентябрь аралыгында Кыргызстанга Пакистандын 532 жараны кирип, 1596 жаран кайра чыгып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын окуу жайларында жалпысынан 8067 пакистандык билим алат. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бир ай мөөнөт менен өлкөгө кирип, өз убагында чыгып кетпегендер Пакистанга кайра жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Тышкы иштер министрлиги 2-сентябрда Индия, Пакистан жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү тартибин өзгөртүп, электрондук виза аркылуу туристтик виза берүүнү убактылуу токтоткон. Өзгөртүүлөргө ылайык, бул өлкөлөрдүн жарандарына берилүүчү туристтик виза ишкердик визасы сыяктуу чакыруучу тараптын өтүнүчүнө ылайык берилет. Туристтердин жоопкерчилиги чакыруучу тарапта болот.

Соңку убакта социалдык тармактарда кыргызстандыктар Бишкекте "оогандыктарга окшош пакистандыктардын" көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен. Депутаттар дагы ушул маселеге кызыгып, себептерине кызыгышты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG