Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Бекешев президенттин уулу саясатка кийлигишип жатканын айтып чыкты


Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.
Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам саясатка аралашып, талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатканын айтып чыкты. Эл өкүлү бул тууралуу өзүнүн Telegram каналында маалымдап, мамлекет башчыга баласын тыюуну сунуштады.

"Азыр талапкерлер ар кайсы кофейняларда жолугуп жатышат. Бишкектеги кофеканалардан бир топ талапкерлерди кезиктирүүгө болот. Парламенттик шайлоого барууну каалагандар көп. Партиялардын тизмени аныктоого бир ай убактысы бар. Ошондой эле, бир мандаттуу округдар бар. Ушундай эле жолугушууларды президенттин баласы Рустам дагы өткөрүп жатат. Мыкты, сонун бала. Бирок атасына терс таасирин тийгизип алышы мүмкүн. Бул өкүнүчтүү болот. Анткени бизде мурдагы президенттер ушундай иштер менен алек болгону тууралуу мисалдар бар. Президент өзү эске алат деп ишенем. Бул өлкөгө дагы, анын үй-бүлөсүнө дагы аброй алып келбейт", - деген эл өкүлү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 75 партия билдирген.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Аларга улай эле 2005-жылы мартта Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлгөн. Андан кийин бийлик башына келген Курманбек Бакиевдин балдары Максим жана Марат жогорку кызматтарда иштеп, өлкөдөгү маанилүү маселелер ошолор аркылуу чечилип жатканы сынга алынган.

Дастан Бекешевдин айткандарына президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы жооп кийинчерээк берилерин "Азаттыкка" билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG