Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

ФСБ Симферополдо крым татарларын кармап кетти


Орусия элчилиги астындагы акция. Киев, 5-сентябрь, 2021-жыл
Орусия элчилиги астындагы акция. Киев, 5-сентябрь, 2021-жыл

Орусия аннексиялаган Крымда ишембиде 50дөн ашуун крым-татарларын коопсуздук кызматы кармап кетти. Бул тууралуу Украинанын расмий булактары билдиришти. Омбудсмен Людмила Денисованын айтымында, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) беш активистти, арасында крым-татарларынын Межилисинин төрага орун басары Нариман Желялды кармашты, үйлөрүн тинтишти. Буга нааразылыгын билдирген 50дөн ашуун киши Симферополдо ФСБнин имаратынын алдына чыгышты. "50дөн көп крым-татары кармалды", - деп жазды Денисова “Фейсбуктагы” баракчасына. Ал "эл аралык коомчулукту түпкүлүктүү элдин репрессияларын токтоттурууга бар аракет жумшоого” чакырды. Орусия бийлиги камоолор тууралуу комментарий бере элек. Украин президенти Владимир Зеленский кармалгандарды кое берүүнү "Твиттердеги" постунда талап кылды.

Орусия кошуна өлкөнүн жарым аралын эл аралык мыйзамдарды бузуп 2014-жылы аннексиялап алган. Ошондон бери аймактагы активисттер куугунтукталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG