Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

Черногорияда акцияга чыккандар полиция менен кагылышты


Черногория.
Черногория.

Сербия президенти колдогон нааразычылык акцияларына карабастан Черногориянын митрополити болуп серб патриархы Иоанникий дайындалды.

Ага каршы чыккандар 4-сентябрдан бери полиция менен кагылышып, таш, бөтөлкөлөрдү ыргытып, полиция болсо көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жатат.

Черногориянын улутчулдары митрополитти Белграддын дайындашын серб православ чиркөөсүнүн өлкөдөгү таасирин кеңейтүү жана Черногорияны Сербиянын көзөмөлүнө кайтаруу аракети катары баалашууда.

"Биз тосмолорду койдук, анткени Белграддын биздин эгемендүү эл экенибизди тануусунан жана бизге кандай диний укугубуз бардыгын таңуулоосунан тажадык", - деди нааразылык акциясынын катышуучусу Ангела Иванович "Рейтер" агенттигине.

Митингчилерди Черногориянын президенти Мило Жуканович дагы колдойт. Ал Иоанникий IIнин руханий жогорку кызматка киришүүсүн үзгүлтүккө учуратууга жана анын Черногориянын митрополити болушуна жол бербөөгө үндөдү. Шайлоо алдында ал чиркөөнүн мүлкүн мамлекетке алууга уруксат берген мыйзамды сунуштаган.

Ишембиде жүздөгөн демонстранттар Четинже шаарындагы монастырга барчу жолду тосуу үчүн тосмолорду орнотушкан. Ал жол менен жаңы митрополит Иоанникий монастрга бармак. Жыйынтыгында ал аземге тик учак менен жеткирилди.

Сербиячыл премьер-министр Здравко Кривокапич нааразылык акцияларын "террордук актылар" деп атады. Борбор шаар Подгорицада миңдеген адамдар тескерисинче серб патриархын куттукташ үчүн чогулушту.

Акыркы эл каттоого ылайык, Черногориянын үчтөн бир бөлүгү - 630 миң адам - өздөрүн этникалык сербдер деп тааныйт.
Черногория 2006-жылы өзүн Сербиядан көз карандысыз өлкө деп жарыялаган, бирок анын чиркөөсү серб православ чиркөөсүнүн карамагында турат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG