Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Пакистандагы жардыруудан үч коопсуздук кызматкери каза болду


Пакистандагы Чек ара корпусунун аскерлери. Архив.
Пакистандагы Чек ара корпусунун аскерлери. Архив.

Пакистанда жергиликтүү бийлик Белужистан провинциясындагы көзөмөл өткөрмө бөлүмүнүн жанындагы жардыруудан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде үч кызматкери каза болгонун кабарлады.

Жардыруу 5-сентябрда Пакистандагы Чек ара корпусу кайтарган Мастунг округундагы көзөмөл өткөрмө бөлүмүнө болгон. Окуя үчүн пакистандык талибдердин “Техрик-е Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды. Алар Пакистандын Чек ара корпусу бутага алынганын билдиришти.

Жаратылыш ресурстарына бай Белужистан провинциясы Ооганстан жана Иран менен чектешет. Аймак 2004-жылдан бери миңдей адам курман болгон зомбулук, ислам жоочуларынын чабуулдарынан жана жикчилдердин аракетинен жапа чегип келет.

Акыркы аптада аймак “Техрик-е Талибан” кыймылынын чабуулдарына кабылууда. 26-августта Зиарат аймагындагы “Леви” аскерлешкен бөлүктүн үч мүчөсү машинесине коюлган минанын жарылуусунан каза болду. Андан мурун Гичик округунда автоунаага коюлган колго жасалган жардыруучу заттан Пакистан армиясынын офицери каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG