Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

КМШ оюндары: Калмира Билимбек кызы алтын медалга ээ болду 


Калмира Билимбек кызы (ортодо)
Калмира Билимбек кызы (ортодо)

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндарында кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы алтын медал тагынды. Ал 4-сентябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта күч сынашкан. Финалда орусиялык Александра Скиренкону жеңип алган. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Билимбек кызынан сырткары күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык Назира Марсбек кызы ( 62 кг) жана Нураида Анаркулова (59 кг) күмүш медалга ээ болушту. Бермет Нурдин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Назик Мирлан кызы (50 кг) КМШ Оюндарынын коло байгесинин ээси болушту.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хажимурадов (65 кг) күмүш медал тагынышты. Тайырбек Жумашбек уулу ( 61 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг) жана Айбек Токтогул уулу ( 70 кг) коло байге алды.

Калмира Билимбек кызы жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси.

Учурда I КМШ Оюндарында Кыргызстандын эсебинде бир алтын, төрт күмүш, 12 коло байге бар. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан медал эсеби боюнча мелдешке катышкан тогуз өлкөнүн арасынан 4-катарда бара жатат.

Бир күн мурда грек-рим күрөшүнөн Адилхан Нурланбеков (67 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг), Нурмамбет Раймалы уулу (97 кг), бокс боюнча таймаштарда Темирхан Данияров (44-46кг), Бектур Турдубаев (52 кг) жана Кутман Амангелдиев (54 кг) коло байгенин ээси болушкан.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин алгачкы оюндары 11-сентябрга чейин уланат. Ага 9 мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышууда. Алар спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашат. Кыргызстандын делегациясында 163 өкүл бар. Кыргызстандын командасы спорттун 13 түрүнөн мөөрөй талашат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG