Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Ооганстанда аялдар укугун коргоп акцияга чыккандар кууп таратылды


Кабул. Акцияга чыккан аялдар.
Кабул. Акцияга чыккан аялдар.

Кабулдун борборундагы тең укуктуулукту талап кылып акцияга чыккан ондогон аялдарга талибдер көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жана асманга эскертүү иретинде ок чыгарышты.

Демонстрация учурунда бир аял жараат алганы, айрымдары сабалганы кабарланды. Социалдык тармактардагы тараган видеодо аялдын башынан кан агып жатканын көрүүгө болот. Эки күндөн бери Кабулдун борборунда аялдар тең укуктуулук, акыйкаттык жана демократия үчүн акцияга чыгып жатышат.

Ушундай эле митинг Ооганстандын батышындагы Герат шаарында өткөн жумада болгон. 4-сентябрда активисттер президенттик имараттын жанында акцияга чыгышты. Алар колдоруна “Биз 90-жылдардагы аялдар эмеспиз” деп жазылган баракчаларды көтөрүп турушкан. Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө аялдар куралчан талибдерге каршы турганын көрүүгө болот.

“Талибан” террордук тобу аялдардын укуктары исламдагы эрежелер менен корголорун белгилешүүдө. Талибдердин жогорку лидерлеринин бири Шер Мохаммад Аббас 31-августта Би-Би-Сиге аялдар жогорку кызматтарга дайындалбайт деп ойлорун, бирок коомдо алардын ролу болорун айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG