Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Москвада сөз эркиндигин колдогон акция өттү


Москвадагы акция. 4-сентябрь, 2021-жыл.
Москвадагы акция. 4-сентябрь, 2021-жыл.

Москванын борборунда жана Чистопруд бульварында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндиги үчүн акция өттү. Шаар бийлиги митинг өткөрүүгө тыюу салгандыктан акция Мамлекеттик Думанын депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу форматында болду. Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин профсоюзу арыз берген.

Акцияга "Яблоко" партиясынын өкүлдөрү, оппозициялык талапкерлер жана журналисттер катышты. Алар ЖМКлар жөнүндөгү "чет элдик агенттер" мыйзамын жокко чыгаруу талабын коюшту.

Акция менен бирге Чистопруд бульварында бир кишилик пикеттер да өттү. Алардын катышуучулары “чет элдик агент” деп бийлик тарабынан таанылган ЖМКларды жана саясий жактан куугунтукталгандарды коргоп чыгышты.

Журналисттер профсоюзунун өкүлү Игорь Ясин «чет элдик агент» мыйзамын жокко чыгаруу жөнүндө меморандум даярдалып жатканын билдирди. Ал документке талапкерлер кол коюп, депутат болуп шайланып калса жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамды өзгөртүү боюнча иш алып барышат.

Буга чейин Журналисттер профсоюзу Москвада “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамга каршы митинг өткөрүү үчүн мэрияга билдирүү беришкен. Бирок, жергиликтүү бийлик пандемияны жүйө кылып, өтүнүчтү четке каккан.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги жайында “чет элдик агенттер” реестрине Кремлден көз каранды эмес бир нече медианы киргизген. Алардын арасында "Дождь", "Медуза", "МБХ медиа", "Открытые медиа", "Важные истории" жана "Проект" телеканалдары бар. Бул реестрге жогорудагы телеканалдарда иштеген бир нече журналисти киргизген. Мындан улам "МБХ медиа", "Открытые медиа" басылмалары ишин токтоткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG