Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Жапониянын премьер-министри кызматтан кете турган болду  


Ёсихидэ Суга.
Ёсихидэ Суга.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал демократиялык партиянын жетекчилигине шайлоого катышпайт.

Бул өкмөт башчылык кызматты тапшыруу дегенди түшүндүрөт. Партиянын лидерин шайлоо 29-сентябрда өтүп, тандалган киши премьер-министр болот.

Суга өз чечимине комментарий берип, “шайлоо алдындагы үгүт кампаниясына алаксыбай, мөөнөтүмдүн аягына чейин коронавирус менен күрөшүүгө күчүмдү жумшайм” деди.

Жапонияда октябрь айында жалпы парламенттик шайлоо өтөт. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары башкаруучу партиянын лидери Суга болуп кала берсе, алдыдагы шайлоодон утулуп калышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Коронавирус учурунда эпидемиологиялык абалга карабай Токиодо Олимпиада өткөрүү чечимин кабыл алган өкмөт башчынын калк арасындагы рейтинги төмөндөп кеткен.

Олимп оюндарынан кийин Жапонияда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны өсүп, августтун аягында 26 миңден ашык адамдан бир күндө вирус чыккан. Бул пандемия башталгандан бери Жапонияда эң көп катталган учур болуп калды.

Ёсихидэ Суга 72 жашта, ал премьер-министр кызматын өткөн жылдын сентябрь айынан баштап аркалап жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG