Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

"Баштан Башта" активисттерди тыңшоону айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Баштан Башта» кыймылы укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин кескин айыптайт. Бул тууралуу билдирүү кыймылдын “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланды.

Кайрылууда "Баштан Башта" кыймылынын лидери Улан Үсөйүн өзү дагы тыңшалып жаткан адамдардын тизмесинде бар экенин белгилеп, муну бийликке сын айткандарга басым катары баалайт.

“Мындай тергөө аракеттери бийликке жана коррупцияга каршы чараларды сынга алгандарды коркутуу же кысым көрсөтүү менен эмес, кылмыштуулук менен күрөшүү максатында гана жүргүзүлүшү керек. Соттун тыңшоо боюнча буйругунда көрсөтүлгөн адамдардын аттары жөн жерден эмес деп эсептейбиз. Бул адамдар жарандык позициясын, анын ичинде мамлекеттик структураларды сынга алууда активдүүлүгүн көрсөтүп келет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Улан Үсөйүн Бишкекте коррупцияга каршы митингдерди уюштуруп жүргөн активисттердин бири.

30-августта Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист Биринчи Май райондук соту быйыл 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын билдиришкен. Алар укук коргоо органдарынын башчыларын кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Активисттердин дооматына Ички иштер министрлиги (ИИМ) жооп берип, телефон сүйлөшүүлөр былтыр октябрь айындагы окуяларга байланыштуу айрым шектүү адамдар менен байланышын текшерүү максатында тыңшалганын билдирген. "Тыңшоолор соттун уруксаты менен ушул жылдын 10-февралына чейин жүрүп, андан кийин узартылган эмес", - деп жооп берген ИИМ.

2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга байланыштуу Кылмыш кодексинин 262-беренеси (Массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, прокуратура аны ИИМге жүктөгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG