Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

Келдибековдун сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдү


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибековго карата чыккан барык сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, анын иши кайра каралып чыкмай болду. Бул тууралуу 3-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 18-августундагы токтому менен Акматбек Келдибековго карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтому жокко чыгарылды”, - деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева.

Мекеменин маалыматына караганда, Келдибековдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу өтүнүчү канааттандырылды. Прокуратуранын ишти соттун биринчи инстанциясына жөнөтүү тууралуу корутундусу эске алынды.

Кылмыш иши кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

2015-жылы райсот Келдибековго өкүмүн угузган. Ал Салык кызматын жетектеп турганда мамлекетке каржылык зыян алып келген деген айып боюнча далил табылбаганы үчүн акталып, парламент спикери кезинде Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул үчүн мамлекетке 3 миллион сом айыппул төлөсүн деп милдеттендирилген.

Башкы прокуратура соттон Келдибековду эки иш боюнча тең соттоп, үй-мүлкүн тартып алып, өзүн 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камоону суранган.​

Кылмыш иш 2013-жылы ачылган. Келдибековду алгач УКМКнын тергөө абагына камашып, кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарышкан.

2016-жылы ноябрда Келдибеков мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG