Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Коомдук ишмер Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет


Тургунбек Суванбердиев.
Тургунбек Суванбердиев.

Бүгүн, 3-сентябрда Бишкекте коомдук ишмер, журналист, жазуучу жана котормочу Тургунбек Суванбердиев эскерилет.

Тургунбек Суванбердиев 1921-жылы 3-сентябрда Талас облусунун Манас районунда туулган. "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил Жаш" гезитинде, "Коммунист" журналында редактор болуп иштеген. 1958-67-жылдары Кыргыз ССР журналисттер союзунун төрагасы жана СССР журналисттер союзунун башкармасынын катчысы болгон.

М.Ауэзовдун "Абай жолу" эпопеясын, В.Лениндин бир катар чыгармаларын, Жон Риддин "Дүйнөнү дүңгүрөткөн 10 күнүн", С. Штеменконун "Генштаб согуш жылдарындасын", Н. Камениндин, С.Габбасовдун И.Каракуловдун жана башка чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн очерк, публицистикалык макалалардын автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Суванбердиев 1990-жылы ноябрда каза болгон.

100 жылдык мааракесине арналган кече Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG