Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Пенсия орточо 455 сомго көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгы боюнча, 1-октябрдан тарта 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат.

Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6248 сом болот. 715,5 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 154,3 млн. сом, ал эми пенсиялык фонддон 830,6 млн. сом талап кылынат.

Ошентип, орточо эсеп менен пенсия 455 сомго көбөйтүлөт.

Буга чейин пенсия 2020-жылы орточо 397 сомго, 2019-жылы орточо 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Социалдык фонддун маалымдашынча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң аз пенсия 700 сом, эң көбү - 145 миң сом. Маалыматка ылайык, көп акча алгандардын арасында ири компанияларда иштегендер бар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG