Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 497 киши каза болду


Жол коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулаган жыйын. 2021-жылдын 2-сентябры.
Жол коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулаган жыйын. 2021-жылдын 2-сентябры.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов 2-сентябрда билдирди.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жол кырсыктарынын саны, андан каза болгондор да, жаракат алгандар да көбөйдү. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатат. Айдоочулар ката кетиришет же жол эрежесин билбейт. Ошондой эле, айдоочулар жолдо өзүн маданиятсыз алып жүрөт".

2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. 754 адам каза болгон (анын 93ү бала), алардын 324ү (анын 34ү балдар) жети айда катталган.

2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG