Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Баткенде "Түштүк-21" аталышындагы аскердик машыгуу өтүүдө


 “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгуу учуру. Баткен, 2021-жылдын марты.
“Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгуу учуру. Баткен, 2021-жылдын марты.

2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтө турган машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат.

Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 2-сентябрда Баткенде башталат.

Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты - аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.

7-9-сентябрда Кыргызстанда Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөт. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өтөт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG