Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:35

Тажикстандан мыйзамсыз жүк ташыгандарды токтотуу үчүн асманга ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык чек арачылар Баткенде кыргыз-тажик чек арасы аркылуу контрабандалык жүк ташыган топту колго түшүрүү үчүн ок чыгарууга мажбур болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы 1-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын айтымында, окуя бүгүн Баткен районунун Дахана жергесинде болду. Hyundai Porter машинасы менен тажик тараптан мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан үч кыргызстандык кармалды:

“Чек арачыларды көргөндө алар жашынып калууга аракет кылган. Чек арачылар асманга ок чыгарууга мажбур болушканда машина токтогон”.

Машинаны тинтүүдө ичинде курулуш материалдары жүктөлгөнү, бирок товардын документтери жок экени аныкталган.

Кечээ 31-августта Баткен районунун Ганжак аймагында да Тажикстандан ташылып келе жаткан 3650 килограммдык мыйзамсыз жүк кармалган.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, эки күндө кармалган жүктүн жалпы баасы 660 миң сомду түздү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG