Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

COVID-19: Кыргызстанда калкты эмдөө боюнча акция жарыяланды


Кыргызстанда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө боюнча он күндүк акция жарыяланды.

Бул тууралуу 1-сентябрдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди. Анын айтымында, акция өлкөнү "кызыл аймактан" чыгарып, инфекциянын коркунучу минималдуу болгондой "жашыл зонага" өткөрүү максатында жасалып жатат. Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70% эмделиши керек. Акция 10-сентябрга чейин жүрөт. Анын алкагында ар бир эмделген жаран "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасына өзүн белгилеп, атайын стикер алат.

1-сентябрга карата республика боюнча 1 млн.132 миңге жакын адам коронавируска каршы вакцина алды. Мунун жарымына жакыны эмдөөнүн толук курсунан өттү.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG