Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

RSF: Кремл шайлоо алдында Интернетте “чектөөнү күчөттү”


Кремль Орусиядан чыгарган журналист Сара Рейнсфорд.
Кремль Орусиядан чыгарган журналист Сара Рейнсфорд.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюму орус бийлиги эмки айда өтчү парламенттик шайлоону утурлай Интернетте «тескөөнү күчөтүп», сөз эркиндигин жана ой пикир билдирүү укугун чектеп жатканын сындады.

31-августта жарыяланган баяндамада Орусияда быйыл бери дегенде көз карандысыз беш сайт ишмердигин токтотуп, бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде «Дождь» жана Латвияда жайгашкан "Meduza" жаңылыктар порталы, иликтөөчү сайттар “чет элдик агенттер” деп аталганы белгиленет.

Орус бийлиги Би-Би-Си маалымат кызматынын көп жылдан берки кабарчысы Сара Рейнсфордду өлкөдөн чыгарды.

Эл аралык уюмдун Германиядагы жетекчиси Кристиан Михр демократиялык өлкөлөрдү «Орусия менен алакасында сөз эркиндигин жана ой-пикир билдирүү эркиндигин коргоого» үндөдү. «Орусиядагы чыныгы турмушту чагылдырган көз карандысыз маалымат каражаттары болбосо шайлоо өз маанисин жоготот» деп айтылат Михрдин билдирүүсүндө.

Уюмдун баяндамасында орус бийлиги Кремлдин көз карашынан айырмаланган кандай гана маалыматты болбосун соңку жылдары кабыл алынган бир катар мыйзамдарга таянып, жаап-жашырып коюушу мүмкүн экени айтылат. Ошондой эле журналисттерге жана медиа каражаттарына жасалган чабуулдар, Кремлдин социалдык тармактардын операторлорун кысымга алганы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG