Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

Беларуста оппозициячыл эки ишмерге өкүм угузулат


Минск. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сотто. 4-август, 2021-жыл.
Минск. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сотто. 4-август, 2021-жыл.

6-сентябрда беларус соту оппозициячыл ишмерлер, президенттикке талапкер болгон саясатчы, 14 жылга кесилген Виктор Бабариконун тарапташтары жана беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знакка өкүм угузат.

Оппозициялык ишмерлер былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун режимине каршы жарандардын нааразылык акцияларынын уюштуруучулары катары камалган.

Аларга маалымат каражаттарын жана Интернетти колдонуп, бийликти басып алуу үчүн кутумга аралашып, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген деген айып тагылган.

Оппозициячыл ишмерлер мындай айыптын баары саясий негизде коюлганын айтып, четке кагышкан.

Сот аларды күнөөлүү деп тапса 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Беларуста 2020-жылдын 9-августунда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өтүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG