Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Ошто көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи болду


Төлөйкөн айылындагы ат майданы. 31-август, 2021-жыл.
Төлөйкөн айылындагы ат майданы. 31-август, 2021-жыл.

31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Ош шаарындагы Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде жана көкбөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында президенттин кубогу өткөрүлдү. Байге фонду 370 миң сомду түзгөн оюнга 12 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду "Кара-Кулжа", 2-орунду Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы, 3-орунду Токтогул районунан келген команда алды.

Ошондой эле “Кунан чабыш”, “Жорго салыш”, “Ат чабыш” жана “Тай Жарыш” мелдештери өттү. Ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөргө авто унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада Талас облусунун "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG