Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Швыдкой, Бүлбүл оглу, Иксанов Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын алды


Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары - "Данакер", "Достук" ордендери жана Ардак грамота. 31-август, 2021-жыл.
Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары - "Данакер", "Достук" ордендери жана Ардак грамота. 31-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-августта Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, аталган уюмдун төрагасы, Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл оглу жана аткаруучу директору Анатолий Иксановго Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын өз колу менен тапшырды.

Михаил Швыдкой — тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон чоң салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуудагы активдүү ишмердүүлүгү, мамлекеттер ортосундагы достук мамилени бекемдегени үчүн — «Данакер» ордени менен сыйланды.

Полад Бүлбүл оглу — достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — «Достук» ордени менен сыйланды.

Анатолий Иксанов — өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык жана руханий потенциалын көбөйтүүгө, мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров фонд КМШ өлкөлөрүнүн маданий байланыштарын чыңдоодо активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы долбоорлорго дайыма колдоо көрсөтүлүп турганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде сыйлык ээлери да президентке ыраазылык айтышып, кыргыз элине албан ийгиликтерди каалашты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG