Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Бекешев: Кыргызстан быйыл 100 млн. доллардан ашуун карыз алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев Кыргызстан быйыл эл аралык каржы уюмдарынан 100 млн. доллардан ашуун карыз - насыя акча алганын айтты.

Депутаттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча бул насыяларды алуу келишимин Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

"Ысык-Көлдү айланган жолдун курулушуна биз үч эл аралык каржы уюмунан 100 млн. доллардан ашуун насыя алганбыз. Бул келишимди Жогорку Кеңеш июнь айынын аягында, каникулга кетердин алдында ратификациялаган. Мындан тышкары Ноокат жана Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн бир нече миллион долларлык келишимдерге макулдук берилген".

Дастан Бекешев быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу насыя акча аз алынганын ырастады. Депутат насыянын аз алынгана президенттин да, өкмөттүн да тиешеси жок экенин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында айтканындай, мамлекеттин телегейи тегиз болгону үчүн эмес, насыяны эл аралык каржы институттары биздин сунуштарды карабаганы үчүн аз көлөмдө алдык. Анткени быйыл бизде бир нече жолу шайлоо болду. Банктар кырдаал туруктуу болмоюнча насыя беришпейт же сунушту карабайт. Ошондуктан, быйыл Кыргызстанга карыз аз берилди. Менимче парламенттик шайлоо тынч өтсө, кийинки жылы кайрадан насыянын көлөмү өсүшү мүмкүн".

Кыргыз өкмөтүнүн Ислам өнүктүрүү банкы, ОПЕК өнүктүрүү фонду жана Кувейт фонду менен макулдашуусуна ылайык, Ысык-Көлдү айланта курулуучу жолдун Корумду-Балбай бөлүгүнүн курулушуна 128 млн. доллар бөлүнөт. Мунун ичинен 35% грант түрүндө. Калганы 2,5% үстөк менен 23 жылдык мөөнөткө насыя катары берилген.

Ысык-Көлдү айланма жолдун узундугу 440 чакырым.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып Кыргызстан быйыл сырттан бир тыйын да карыз албаганын айткан.

2021-жылдын ортосуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты. Мунун 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келет.

Былтыр өлкөдө мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга өсүп, 5 миллиард долларга чукулдаган. Карыз ички дүң өнүмдүн 68% түзөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG