Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Төкмө акындарга Кыргыз эл акыны наамы берилди


Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев
Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Акын Бактыгүл Чотурова, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков (Жеңишбек Жумакадыр), Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге Кыргыз эл акыны наамы ыйгарылды.

Мамлекет башчысынын буйругу менен маданият ишмерлерине да 2-3-даражадагы "Манас" ордени берилген. Ошондой эле, бир катар эстрада ырчылары Эл артисти наамдарын алышкан.

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG