Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Жоочулар Кабулдун аэропортун көздөй ракета атканын моюнуна алды


Кабулдагы райондордун биринен ракета атылган автоунаа. 30-август, 2021-жыл.
Кабулдагы райондордун биринен ракета атылган автоунаа. 30-август, 2021-жыл.

Кабул аэропортунда чет элдиктерди жана оогандыктарды эвакуациялоо уланып жаткан жерге ракетадан чабуул болду. Дүйшөмбүдө бери дегенде башкаруусуз беш ракета атылганын CNN телеканалы ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Алардын баарын аэропорттун аймагын көзөмөлдөгөн абадан коргонуу комплекси атып түшүргөн.

Телеканалдын журналисттеринин колуна Кабулдагы райондордун биринде турган машинеден атылган ракета түшүп калган видео тийген. Ракета атылгандан кийин автоунаа күйүп кеткен. Анын ичинен дагы алты ракета табылган. Алардын бири имаратка тийген болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматка караганда, эч ким жабыркаган эмес. CNN телеканалы менен сүйлөшкөн америкалык аткаминер ракетадан соккуну “Ислам мамлекети” террордук тобу жасаган болушу ыктымал деген божомолун айткан.

Экстремисттик топ алты ракета атканын мойнуна алганын «Рейтерс» агенттиги кабарлады.

26-августта Кабул аэропортундагы кандуу булоонду дагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун жанкечтилери уюштурганын жоочулар мойнуна алган. Анда 180ден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG